Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Фостердик үй-бүлө: 132 ата-энеге сертификат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда фостердик үй-бүлө болууну каалаган 211 ата-эне атайын окуудан өтүп, 132 адам сертификат алды. Бул тууралуу бүгүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө өлкөдө мындай үй-бүлөлөрдүн саны онго жетпейт. Ошондуктан кароосуз калган балдарды үй-бүлөгө кошуп багуу институтун өнүктүрүү аракети көрүлүп жатат.

“Фостердик үй-бүлө менен келишим түзүлөт. Алар 16 жашка чейинки курактагы үчтөн көп эмес баланы багып алса болот. Бирок үй-бүлөдөгү балдардын жалпы саны бештен көп болбоого тийиш”, - дейт министрдин орун басары Ализа Солтонбекова.

Фостердик үй-бүлөгө өткөрүлүп берилген баланы камсыздоо жана ата-эненин эмгек акысы республикалык бюджеттен каржыланат.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандагы интернаттарда 11 миң 422 бала тарбияланат, булардын 5% гана томолой, калганы тирүүлөй жетим. Иликтөөгө ылайык, тирүүлөй жетимдердин көбөйүшүнө турмуш-шарттын оордугу себеп болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG