Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:03

Бишкекте троллейбуста экологиялык акция өткөрүлөт


Бишкек.
Бишкек.

Бишкек шаардык мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы 20-декабрда троллейбуста экологиялык акция өткөрөт. Инспекциянын жетекчисинин милдетин аткаруучу Керимбай Чойбеков "Азаттыкка" билдиргендей, "Мен таза аба үчүн" деп аталган иш-чарага экологдор жана студенттер катышып, элди тазалыкка үндөгөн жазууларды көтөрүп чыгышат:

- Троллейбустун эшиги ачылбайт, жүргүнчү ташыбайт. Бирок аялдамаларда токтоп, ичиндеги активисттер көтөргөн жазууларды сырттагыларга көрсөтөбүз. Троллейбусту экологиялык жактан таза болгону үчүн тандадык. Түтүндү аз чыгарган унаалар көбүрөөк болсун дейбиз.

Уюштуруучулар 2019-жылы күчүнө кирчү "Жоруктар жөнүндөгү кодексте" табиятка зыян тийгизгендерге жаза күчөтүлө турганын да жарандардын эсине салышмакчы.

Жакында "Move Green" коомдук кыймылы Бишкекте аба нормадан 20 эсе көп кирдегенин кабарлаган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги муну четке кагууда.

Бирок күн сууктаганы Бишкектин асманын ыш каптады. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары муну ырастаган сүрөттөрдү Интернетке байма-бай жүктөп жатышат.

XS
SM
MD
LG