Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:55

Путин аскердик келишимдер боюнча АКШны айыптады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орус президенти Владимир Путин АКШны аскердик келишимдерден чыгып жатканы үчүн айыптап, дүйнөдө өзөктүк согуш чыгып кетүү коркунучун көз жаздымда калтырбашы керек экенин эскертти.

Ал 20-декабрда Москвадагы жылдык басма сөз жыйынында мамлекеттик телеканалдын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, өзөктүк согуш бүтүндөй планетага бүлгүн салаарын белгиледи жана Батыш менен Москванын ортосундагы чыңалуу жөнгө салынаарына үмүт кылып турганын кошумчалады.

Орус президенти АКШнын 2002-жылы Баллистикалык ракеталарга каршы келишимден чыгып кеткени Москва менен Вашингтондун ортосундагы “стратегиялык тең салмактуулукка” шек келтиргенин айтты. Ал АКШнын Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишиминен чыгуу планын да ушул багытта ташталган кезектеги кадам катары мүнөздөдү.

Жакында АКШ Орусия менен “кансыз согуш” доорунда кабыл алынган келишимден чыгаарын эскертип, бул чечимин Москванын ал макулдашуунун шарттарын аткарбай жатканы менен түшүндүргөн. Маселен мамлекеттик катчы Майк Помпео Орусиянын канаттуу ракеталарынын сыноону улантуу аркылуу келишимди бузуп жатканын айткан.

НАТОнун министрлери да 4-декабрдагы биргелешкен билдирүүсүндө Орусия Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр келишимин бузган 9М729 ракеталык системаларын жасап, жайгаштырганын, бул евроатлантикалык коопсуздукту чоң тобокелге саларын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG