Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Латвия КГБнын архивиндеги документтерди жарыялай баштады


Иллюстрациялык сүрөт. 29-апрель, 2014-жыл.
Иллюстрациялык сүрөт. 29-апрель, 2014-жыл.

Латвиянын улуттук архиви Латвия ССРинин Мамлекеттик коопсуздук комитети – КГБнын картотекасындагы материалдарды Интернетке жарыялады. Бул өлкөдө советтик атайын кызматтын архивиндеги материалдарды жарыялоо жөнүндө мыйзамга толуктоо быйыл октябрда киргизилген.

«Азаттык» радиосунун орус кызматы билдиргендей, декабрда 10 миңден ашуун кишинин аты-жөнү алфавит боюнча жарыяланат. Алар - атайын кызмат күчүндө турганда иштешкен жана андан айдалган агенттер. Ошондой эле КГБнын Биринчи бөлүмүндөгү маалымат да жарык көрөт. Бул бөлүм СССРден чет өлкөгө кетүүгө ниети бар жана согуш чыкса же башка кыйын кырдаалда жалдоого мүмкүн деген адамдар менен иштешкен.

КГБнын агентурасында катталган төрт миңден ашуун киши катталган картотека да көпчүлүктүн назарына коюлат.

Штаттан сырткары кызматташкан транспорт, өндүрүш жана коргонуу тармактарында иштеген 76 кишинин маалыматы жарыяланат.

Латвиянын Компартиясынын Борбордук комитетинин материалдары, КГБнын кызматкерлеринин телефон номерлеринин китеби да жарык көрөт.

Латвиянын улуттук архивинин сайтында көрсөтүлгөндөй, картотекадагы аты чыккан адамдар жеке жашоосундагы купуялык бузулуп, ар-намысына шек кетти деп эсептесе жарандык тартипте сотко кайрыла алат. Мыйзамга ылайык, архивдик материалдарды өчүрүүгө жана жок кылууга тыюу салынат.

XS
SM
MD
LG