Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Изилдөө: Милицияга түшкөндөргө меджардам толук көрсөтүлбөйт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын убактылуу кармоочу жайына түшкөн адамдарга медициналык жардам тиешелүү деңгээлде көрсөтүлбөй жатат. Мындай тыянакка өлкөнүн Акыйкатчысы, “Эркиндик үнү” коомдук фонду жана Кыйноого каршы коалиция биргелешип жүргүзгөн изилдөөдөн кийин келишкен.

Коалициянын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абактарында да медициналык тейлөө жалпы стандарттарга туура келбегендиктен камактагы адамдардын ден соолугунун начарлашына алып келүүдө.

“Биринчи жардам көрсөтүүчү дары-дармек жетишсиз. Эмдөө бөлмөлөрү да жабдылган эмес. Медицина кызматкерлеринин кесиптик деңгээли талапка жооп бербейт” деп айтылат изилдөөнүн жыйынтыгында.

Жогоруда аталган кемчиликтерди жоюш үчүн изилдөө өткөргөн уюмдар парламентке, өкмөткө, Саламаттык сактоо министрлигине, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына сунуштарын иштеп чыгышты.

"Кыйноого каршы коалиция" өкмөттүк эмес уюмунун маалыматына караганда, 2016-2018-жылдар аралыгында Кыргызстанда 1140 киши кыйноого кабылганын айтып кайрылган. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен кыйноо көргөнүн белгилешкен. (RK)

XS
SM
MD
LG