Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Кыйноо үчүн жазалангандар жокко эсе


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жабык жайларда кармалгандардын 90 пайыздан көбү милициянын кыйноосуна кабылат. Ага карабастан ушуга чейин Ички иштер министрлигинин кыйноо үчүн айыпталган үч гана кызматкери сот жообуна тартылган.

Бишкекте 18-декабрда кыйноого каршы күрөшүүдө мамлекет менен жарандык коом көрүп жаткан чаралар талкууланды. Кыргызстандагы Кыйноого каршы коалициянын маалыматы боюнча 2016-2018-жылдары кыйноого кабылганын айтып 1140 киши кайрылган. Анын ичинен 1076 киши же 94,4 пайызы Ички иштер министрлигине каршы арызданган. Бирок укук коргоочу Улугбек Азимов милиция кызматкерлери жазасыз калып жатканын сынга алды:

Улугбек Азимов.
Улугбек Азимов.

- Бүгүнкү күнгө чейин кыйноо үчүн айыпталып, соттон күнөөлүү деп табылган үч гана учур катталды. Бул Жогорку соттун чечими чыгып, даттанууга болбой турган иштер. Ошол эле учурда соттун ар кандай инстанцияларында каралып жаткан иштер бар. Бирок алар боюнча кандай өкүм чыгаары белгисиз да. Демек кыйноо криминализация болуп саналган 15 жыл ичинде Жогорку соттун үч гана айыптоочу өкүмү чыккан. Ушундай абалда “кыйноого каршы күрөш иштиктүү жүрүп жатат” деп айтууга болобу?

Башкы прокуратурага 2018-жылдын тогуз айында кыйноого кабылганы тууралуу 287 киши арызданган. Анын 265и милициядан, он тогузу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) кызматкерлеринен зордук-зомбулук көргөнүн билдиришкен. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова адам өмүрү кыйылган учурларга токтолду:

- Кыргызстан боюнча жабык жайларда кармалып турган 15 киши каза болуптур. Чүй облусунда алты, Ысык-Көлдө төрт, Бишкекте эки киши өлгөн. Бул шектүү катары убактылуу кармалуучу жайларда отурган адамдардын өмүрүнө кепилдик жок деген сөз. Анткени бул көрсөткүчтөр жөн жерден чыккан жок. Ушундан улам мен Кыргызстанда жашоого болгон укук жок деген жыйынтыкка келдим.

Кыйноого кабылгандардын 94 пайызын милиция кызматкерлери күнөөнү кыйнап мойнуна алдырыш үчүн сабайт. Кыйноого каршы коалициянын иликтөөсү боюнча зордук-зомбулукка кабылгандардын 76 пайызга жакыны Кыргызстандын, 24 пайызы чет өлкөнүн жарандары. 97 пайызы эркектер жана үч пайызы аял кишилер. Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкери Шамран Сарыбаев милицияга коюлган дооматтарга жооп берди:

Шамран Сарыбаев.
Шамран Сарыбаев.

- Ички иштер министрлигин реформалоонун жүрүшүндө Ички иликтөө кызматы түзүлгөн. Бул кызмат министрликтин кызматкерлеринин укуктарын коргоо жана кызматкерлердин мыйзамсыз иштерин ачыкка чыгаруу менен алектенет. Бул иштер Башкы прокуратура, УКМК менен бирге жүргүзүлөт. Ички иликтөө кызматынын иликтөөсүнүн натыйжасында 2017-2018-жылдары беш иш боюнча 12 кызматкерге кылмыш иши ачылды. Жогоруда белгиленген кызматкерлердин ичинен 2017-жылдагы иши үчүн үчөөнү Жогорку сот “Кыйноо” беренеси менен күнөөлүү деп тапкан.

Кыйноого дуушар болгондордун 20 пайызына психологиялык басым болот, 10 пайызына электрошокер колдонулат, 30 пайыздан ашыгынын башына баштык кийгизилет, 35 пайызы таяк менен жана 80 пайызы кол, бут менен токмоктолот деп жыйынтык чыгарылган. Өкмөт аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Эркинбаев кыйноонун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан айрым чаралар тууралуу айтып берди:

Данияр Эркинбаев.
Данияр Эркинбаев.

- Ички иштер министринин 2017-жылдын 16-мартындагы буйругу менен убактылуу кармоо жайларына видеобайкоо орнотуу тапшырылган. Анын алкагында өлкөдөгү бардык убактылуу кармоо жайларына онлайн видеокамералар орнотулат. Учурда Ички иштер министрлигине караштуу алты убактылуу кармоо жайында ушундай тартипте иштеген видеобайкоо иштеп жатат. 2018-жылдын алты айында 280 камера жана 315 сигнализация коюлган.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, кыйноого туш болгондордун 60 пайызы арыз менен кайрылат. Акыйкатчы Токон Мамытов жабык жайлардагы кыйноону күч органдарындагы кесипкөйлүгү жетишсиз кызматкерлер менен байланыштырды.

Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

- Жалаң эле милиция эмес, башка күч органдарынын кызматкерлери да айрым учурларда мыйзам бузууга жол берип жатышат. Адамдарды кыйноо биринчиден кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн аздыгынан, маданиятынын төмөндүгүнөн, билиминин тайкылыгынан, тажрыйбасы жоктугунан, ишти уюштура билбегендиктен болуп жатат. Алар ошондон улам жол берилгис, мыйзамсыз иш-аракеттерди кылышууда. Андыктан укук коргоо органдарына кадр тандоодо талапты күчөтүш керек болуп турат.

Жакында эле Кыргызстанда кыйноонун материалдык чыгымы эсептелип чыккан. Ага ылайык жабык жайларда зордук-зомбулукка дуушар болуп, оор жараат алган адамды калыбына келтириш үчүн бир жылда 4 миллион сомдон ашык каражат жумшалат. Анын 2,5 миллион сому жоготулган киреше катары көрсөтүлгөн. Моралдык зыян 1 миллион 287 миң сомго бааланса, укуктук кызматтарга 127 миң сомдой, ал эми медициналык кызматтарга 96 миң сом коротулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG