Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Бекназаров: Азыркы бийлик мурдагынын катасын кайталады


Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевдин туулган күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып "бийлик мурдагылардын катасын кайталап жатканын" билдирди. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун Текебаев боюнча айткандарын сындады.

19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында Текебаевди абактан бошотуу маселесине кийлигише албасын, бирок мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

22-декабрь белгилүү саясатчы, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин туулган күнү. Ал бүгүн 60 жашка чыкты. Саясатчынын туулган күнүн партиялаштары Базар-Коргондо, Кочкор-Атада да белгилеп жатышат.

Бишкектеги иш-чарага Текебаевди куттуктоого экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы премьерлер Темир Сариев, Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбеков баштаган бир катар саясатчылар катышууда.

"Ата Мекен" партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, 2017-жылы сегиз жылга эркинен ажыратылган. Азыр алар түрмөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG