Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Зере Кыргызстандан кетип жатканын билдирди


Зере "Азаттыктык" кеңсесинде.
Зере "Азаттыктык" кеңсесинде.

Ырчы жана активист Зере Асылбек кызы Кыргызстандан кетип жатканын "Фейсбуктагы" жеке баракчасына жазды.

“Соңку кезде мага оор боло баштады. Мен өзүм эмнени каалайм жана менден эмнени каалап жатышат, ошонун ортосундагы балансты табуу аракетиндемин” деп жазды ал.

Зере Индияга кетип жатканын, ал жакта мектепте ыктыярчы болуп иштей турганын, бирок Кыргызстанга кайтып келерин билдирди.

Анын адам укуктарын урматтоого чакырган "Кыз" аттуу клиби быйыл күзүндө жарыяланып, коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн. Клипти Интернеттен өчүрүүнү талап кылгандар аны "өлтүрүп кетебиз" деп коркутушкан.

Зеренин атасы, белгилүү педагог адис Асылбек Жоодонбеков милицияга кайрылган. (RK)

XS
SM
MD
LG