Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:07

Матраимов боюнча соттун чечими Соттук өкүлчүлүк борборуна түшө элек


Райымбек Матраимов.
Райымбек Матраимов.

Райымбек Матраимовдун мурдагы кызмат ордун калыбына келтирүү боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечими өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборуна келип түшө элек. Бул борбор кабарлагандай, чечим толук түрдө келип түшкөндөн кийин ал изилденип, тийиштүү чечим кабыл алынат.

"Бүгүн кабыл алынган соттук чечимдин корутундуланган бөлүгү жарыяланды. Анын жүйөлүү бөлүгү, тагыраак айтканда сот кандай себептер жана негиздер менен мындай чечим кабыл алгандыгы ал жарыяланган учурдан тартып беш иш күнүнүн ичинде түзүлөт", деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 28-декабрда шаардык сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кызматына кайра кайтышына уруксат берген Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Райондук сот мындай чечимди 25-июлда чыгарган. Өкмөт ал чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен 17-августта кайрылган.

Коомчулукта "Раим миллион" деген каймана ат менен таанылган Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан алынган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген.

Өткөн айда "Апрель" телеканалындагы маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду "Райымбек Матраимовго болушкан" деп билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында “Азаттык” радиосунун Райымбек Матраимовдун байлыгы тууралуу телеберүүсүндө келтирилген жүйөлөр текшерилерин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG