Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Меркел менен Макрон Кремлди украин аскерлерин бошотууга үндөдү


Ангела Меркел жана Эммануэл Макрон.
Ангела Меркел жана Эммануэл Макрон.

Немис канцлери Ангела Меркел менен француз президенти Эммануэл Макрон Орусияга ноябрь айынын соңунда Керч кысыгында кармалган украиналык деңиз аскерлеринин баарын эч шарт койбостон бошотуу талабын коюшту. Эки лидер жума күнү жарыяланган бирдиктүү билдирүүсүндө украин аскерлери "алдыдагы майрамдарды үй-бүлөсү менен чогуу тосуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу" керектигин белгилешкен.

Алар ошондой эле Орусия Азов жана Кара деңиздерин байланыштырган Керч кысыгында кемелердин эркин кыймылы камсыз кылынышы керектигин айтышкан.

Макрон менен Меркел Украина менен өлкө чыгышындагы Орусия колдогон донбасстык жикчилдердин ортосундагы "жаңы жылдык элдешүүнү" да кубатташкан.

25-ноябрда орус тарап Керч кысыгы аркылуу Кара деңизден Азов деңизине өтүп бараткан үч украин кемесин жана 24 деңиз аскерин камакка алган. Расмий Киев жана Батыш өлкөлөрү Орусиянын кадамын “агрессия” деп атаган. Орус президенти Владимир Путин бул окуяны Киевдин "чагымы" деп мүнөздөп, кармалган украин аскерлеринин тагдыры тергөөнүн жыйынтыгына жараша чечилерин билдирген.

XS
SM
MD
LG