Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

"Талибандын" өкүлдөрү Иранда сүйлөшүү өткөрдү


Бахрам Гасеми.
Бахрам Гасеми.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бахрам Гасеминин 31-декабрда айтканына караганда, талибдердин өкүлдөрү 30-декабрда келип, тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи менен жолугушкан.

Гасеми кошумчалагандай, анда "Ооганстандын тынч өнүгүшүнө багытталган коопсуздук маселелери" талкууланган. Бул жолугушуу тууралуу расмий Кабулга да маалымат берилген.

Ирандын расмий адамдары талибдер менен буга чейин да жолугушкан.

17-декабрда АКШ, Пакистан жана Сауд Арабиясынын өкүлдөрү "Талибандын" кишилери менен Абу-Дабиде жолугушкан. Үч күндүк жолугушууда тараптар элдешүү маселесин талкуулашкан. Бирок талибдер ооган өкмөтү дайындаган сүйлөшүүчү топ менен жолугушуудан баш тарткандан кийин элдешүүдөн майнап чыгарынан АКШ күмөн санаган.

"Талибан" менен эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү 17 жылдан бери кармашып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын 40 пайыздан кем эмес аймагын көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG