Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

134 адам гемодиализди жеңилдетилген тартипте ала баштайт


Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.
Кыргызстандын Балыкчы шаарындагы гемодиализ борбору.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 1-январдан тартып гемодиализ жабдуусу аркылуу өз эсебинен дарыланып келген 134 бейтап Медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жеңилдетилген тартиптеги дарылануусуна которулду.

Жарандар өз чөнтөгүнөн 500 сом төлөйт, калган каражатты Медициналык камсыздандыруу фонду көтөрөт.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда 554 адам бюджеттик негизде гемодиализ аркылуу дарыланып жатат. 90 пайыздык жеңилдетилген тартипте ушул медициналык тейлөөнү колдоно баштаган 134 бейтапты кошкондо, алардын саны учурда 764 адамга жетти.

Азыркы тапта Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, Түркия сыяктуу өлкөлөргө барууга мажбур болуп жатышат. Ал эми Кыргызстандын шартында эки жолу бөйрөк алмаштыруу боюнча операция ийгиликтүү ишке ашты. Анын жалпы баасы 5 миң доллардын тегерегинде болду. (BTo)

XS
SM
MD
LG