Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Манчестер: полиция түнкү чабуулду теракт катары иликтей баштады


Метро бекетинин кире беришинде турган полиция кызматкерлери. 1-январь, 2019-жыл.
Метро бекетинин кире беришинде турган полиция кызматкерлери. 1-январь, 2019-жыл.

Манчестердин полициясы 31-декабрдын кечинде метродо бычак менен кол салууну теракт катары иликтей баштады. Окуяда үч киши, анын ичинде полиция кызматкери жарадар болгон. Эки адамдын абалы оор. Кол салган киши кармалды. Күбөлөрдүн айтымында, ал "Аллах Акбар!" деп кыйкырган. Иликтөөнү Британ полициясынын террорчулукка каршы күрөш бөлүмү баштады.

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй "Твиттер" аркылуу жабыркагандарга колдоосун билдирди.

"Мен Манчестерде түндө террордук чабуул болушу ыктымал болгон окуяда жабыркагандарды колдойм. Куткаруу кызматтарына эрдиги үчүн ыраазычылыгымды билдирем", - деди ал.

2017-жылы Британияда беш ири теракт болуп өткөн. Анда жалпысынан 30дай киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG