Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Тыюу салынган жерде тамеки тарткандар жазаланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-январдан тартып күчүнө кирген “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине” катталган иштер боюнча жалпысынан 121 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.

Алгачкылардан болуп Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Панфилов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан автоунааны документи жок айдап бараткан адам кармалып, аталган реестрге киргизилген.

1-январь, саат түнкү 12:00дөн 2-январь, түшкү саат 12:05ке чейин автоматташтырылган электрондук системада 39 мыйзам бузуу катталган.

Арасында Ош шаарында, Жайыл, Кемин райондорунда жол эрежесин бузган айдоочулар бар. Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы, Өзгөн райондук жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмдөрү тыюу салынган жерлерге тамеки тарткан адамдарды аныктаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG