Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Кемероводо пенсия реформасына каршы чыккан активист сабалды


Пенсия реформасына каршы акция. Барнаул, 22-сентябрь, 2018-жыл.
Пенсия реформасына каршы акция. Барнаул, 22-сентябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Кемерово шаарында пенсия реформасына каршы акцияларды уюштурууга көмөктөшүп келген активист сабалды. Валерий Казанцевди 1-январда таң эрте өзү жашаган үйдүн подъездинде белгисиз адамдар сабап кетишкенин "Нааразы Кузбасс" аттуу жергиликтүү кыймылдын координатору Лев Гяммер маалымдады.

Окуя активист Жаңы жылды белгилеген кечеден үйүнө кайтып келе жаткан учурда болгон. Гяммердин айтымында, кол салган эки киши активист Казанцев муну "эскертүү" катары кабыл алышы керек экенин айткан.

"Нааразы Кузбасс" кыймылы "активист жергиликтүү бийликтин айрым өкүлдөрүнүн буйругу менен сабалган болушу мүмкүн" деп билдирүүдө. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул окуя боюнча үн ката элек.

Былтыр орус өкмөтүнүн пенсия курагын беш жылга көтөрүү аракети өлкө аймагында ири нааразылык акцияларына себеп болгон.

Валерий Казанцев - Орусияда каттоодон өтпөгөн Либертариандык партиянын мүчөсү. Ал Кемероводо пенсия реформасына каршы нааразылык акцияларын уюштурган активисттердин арасында болчу.

XS
SM
MD
LG