Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Ошто эки кыздын өмүрүн алган өрт


Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жертөлөсүндө эки кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

1-январга караган түнү жертөлөдө чыккан өрттө 20 жаштагы жана 27 жаштагы эки кыз каза болгон.

Жергиликтүү тургундар жертөлө биринчи кабаттагы мейманканага таандык сауна болгонун жана ал шаардын вице-мэринин жакындарына таандык болушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Өрт чыккан жертөлөдөн кыздардын сөөктөрүн 1-январь күнү саат сегиз чамасында өрт өчүрүүчүлөр алып чыгышкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын маалыматы боюнча, өрт 11 чарчы метрлик бөлмөдө болгон жана анда кыздар иске ууланып каза болушу мүмкүн.

- Бөлмөнүн ичи, андагы эмеректер күйгөн, - дейт ал. - Биздин биринчи божомолубуз боюнча кыздар иске ууланып каза табышкан. Азыр дагы иликтөөлөр болуп жатат, тагыраак маалымат ошонун натыйжасында гана айтылат.

Ош: мейманканада өрт чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:36 0:00

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын аныктамасы боюнча каза болгондордун бири Ноокат районунун 20 жаштагы тургуну, экинчиси Алай районунун 27 жаштагы тургуну болушкан. Маркумдардын жакындары менен байланышып, толугураак маалымат алуу азырынча мүмкүн боло элек.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, 12 кабаттуу бул үйдүн батирлеринде негизинен ижарачылар жашайт. Биринчи кабатында мейманкана, ал эми анын жертөлөсүндө сауна жайгашкан экен.

- Жертөлөдө сауна бар, - дейт жергиликтүү тургундардын бири. - Көптөн бери иштейт, анда кыздар денесин сатып иштешчү. Үйдүн үстүңкү кабаттарында жалаң квартиранттар жашайбыз. Саунада көчөдөгү кыздар иштейт. "1-январда эртең менен өрт чыгыптыр" дешти, саунада эки кыздан башка эч ким жок экенин айтышты. Саунаны иштеткендер көбүнчө кыздарды сыртынан жаап кетишет, алар өздөрү калышат.

Жергиликтүү тургундар "сауна жабылсын" деп арызданышканы менен эч кандай жыйынтык чыкпайт деп эсептешет.

- Бизге деле ыңгайсыз, минтип жашаган үйдүн алдында сауна болгону, - деди жергиликтүү тургундардын бири. - Дайыма ызы-чуу, бизди уктатпайт. Эркек аттуунун баары ушул жерде. Жайдын күнү кыздар жылаңачтанып, эшиктин алдында отурушат. Балдарыбыздан деле уялабыз. Былтыр да өрт чыккан, ошондо жабылган эле, бирок кайра эле иштеп жатат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы жертөлөдө сойкукана мурда болгонун, бул факт боюнча буга чейин алты кылмыш иши козголгонун, кийинчерээк ал жай мейманкана катары иштей баштаганын билдирген.

Жергиликтүү жашоочулар Жим көчөсүндөгү 12 кабаттуу үйдө жайгашкан “Жетиген” мейманканасы жана ага таандык деп айтылып жаткан жертөлөдөгү сауна Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыровдун үй-бүлөсүнө таандык экенин айтышты. Вице-мэр Нурбек Кадыров бул маалыматты четке какты:

- Жок, андай эмес, болбогон сөз. Ал жер качан эле сатылып кеткен. Кимге сатылганын мен билбейм.

“Азаттыктын” кабарчысынын биринчи кабаттагы мейманканага кирип, маалыматты тактоо аракетинен майнап чыккан жок.

Замир Сыдыков.
Замир Сыдыков.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун билдиргени боюнча Жим көчөсүнүн №1 үйүнө байланыштуу 2018-жылы жалпысынан беш киши каза болгон.

- Кылмыш иши козголгондон кийин бул жердин администраторлору негизги күнөөнү өздөрүнө алып, мейманкананын ээси тарабынан “күнөөлүү” администратор жумуштан кетирилет, - деди милиция өкүлү. - Бирок анын ордуна башка администратор келип кайра эле ошол ишти уланта беришкен. Сот тарабынан жазана салынгандан кийин деле ишин улантышкан. Ушундай мейманканаларды же сойкуканаларды өз алдынча жаап койгонго милициянын укугу жок. Буга чейин да ал үйдөн өрт чыгып бир кыз балкондон боюн таштап каза болгон, бирөө ооруканада каза болду. Бир жыл ичинде Жим көчөсүндөгү бул үйгө байланышкан беш кишинин өлүмү катталды.

Милициянын өкүлүнүн айтымында, көп кабаттуу үйдөгү акыркы эки кишинин өлүмү боюнча да жаңы иш козголуп, тергеле баштады. Макала даярдалып жатканда белгилүү болгон маалыматка караганда, мурдагы фактылар убагында эмне үчүн териштирилбегендигин аныктоо үчүн милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөө башталды. Мейманкананын айланасындагы окуялар боюнча Ош шаар мэри Таалайбек Сарыбашев да жыйын курганы кабарланды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG