Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 37 жаштагы тургуну травматикалык тапанча менен жүрөк тушка ок жеп, ооруканага жаткырылды. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов окуя 2-январда болгонун билдирди. Бул иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүүнүн тек-жайы аныкталган.
- Милиция кызматкерлери жүргүзгөн тергөө амалдарынын негизинде шектүү адамдын өздүгү аныкталган. Ал ушул эле Балыкчы шаарынын тургуну, 1989-жылы туулган адам болуп чыкты. Учурда анын жүргөн жерин тактап, травматикалык куралды алууга тапшырма берилип, тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат, - деди ал.
Окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен иш козголуп, шектүүгө “ок атуучу, газ-травматикалык куралдар менен денеге жаракат келтирген” деген айып коюлду. (BTo)