Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

АКШ элчиси Москвада кармалган америкалык жаран менен жолукту


Орусияда тыңчылык боюнча айыпталып кармалган америкалык жаран Пол Уилан.
Орусияда тыңчылык боюнча айыпталып кармалган америкалык жаран Пол Уилан.

Кошмо Штаттардын Орусиядагы элчиси Жон Хантсман шаршембиде "Лефортово" тергөө абагында камакта отурган америкалык жаран Пол Уилан менен жолукту. Бул тууралуу Мамдепартаменттин басма сөз бөлүмү кабарлады.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео АКШ тыңчылык боюнча шектүү катары кармалган Пол Уиланды токтоосуз бошотууну жана анан кармалышы боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кыларын билдирген.

48 жаштагы Пол Уиланды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) 28-декабрда кармаган. Ага каршы "Тыңчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иштин чоо-жайы маалымдалган жок.

Уилан ушул тапта "BorgWarner" компаниясында эл аралык коопсуздук боюнча жетекчи кызматын аркалайт. Компания автоунаа тетиктерин жеткирүү менен алектенет. "BorgWarner" ишканасы Ростех мамлекеттик конгломераты менен тыгыз кызматташып келгени маалым болду.

Уиландын агасы Дэвид Пол Орусияга үйлөнүү тоюна барганын айткан.

XS
SM
MD
LG