Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

ЖМК: Түндүк Кореянын элчиси Италиядан башпаанек сурады


Италиядагы Түндүк Кореянын элчилиги. 3-январь, 2019-жыл.
Италиядагы Түндүк Кореянын элчилиги. 3-январь, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын Италиядагы элчисинин милдетин аткарып жаткан Чо Сон Гил Батыш Европа мамлекеттеринин биринен башпаанек сураганын 3-январда Түштүк Кореянын маалымат каражаттары жазышты.

Бул маалыматты Сеулда чалгын кызматынын өкүлдөрү менен жолуккан соң депутат Ким Мин-ки да ырастады. Италия өкмөтү бул боюнча үн ката элек.

Маалыматтарга караганда, Чо Сон Гил аялы менен Италиядагы элчиликтин имаратынан мөөнөтү аяктарына аз калганда, ноябрь айынын башында эле чыгып кеткен. Андан бери кайда экени белгисиз болчу.

Анткен менен "Reuters" агенттигинин Италиянын Тышкы иштер министрлигиндеги булактары Чо Сон Гил бул өлкөдөн башпаанек сурабаганын жана анын ордуна башка дипломат келип, ишке киришкенин айтышкан.

Чо Сон Гил Римдеги Түндүк Кореянын элчилигинде 2015-жылдын май айынан бери иштеп келген. Ал элчинин милдеттенмелерин 2017-жылы Мун Чон-намдан өткөрүп алган. ​Пхеньян өз ракеталарын дагы бир сыйра сынаган соң Италия ал жылы Түндүк Кореянын элчисин өлкөдөн чыгарган.

Буга чейин, 2016-жылы Түндүк Кореянын Италиядагы элчисинин орун басары Сеулдан башпаанек сураган.

XS
SM
MD
LG