Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:29

Трамп: Ооганстандын айынан СССР ыдыраган


АКШнын президенти Дональд Трамп. 9-октябрь, 2018-жыл.
АКШнын президенти Дональд Трамп. 9-октябрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөштү талкуулап жатып, АКШнын ордуна ал жакка башка мамлекеттердин аскерлери киргизилсе туура болмок деген пикирин билдирди.

"Эмнеге ал жакта Орусия жок? Эмнеге Пакистан жок? Эмнеге ал жакта Индия жок?" - деп суроо салды Трамп.

Ал ошондой эле Ооганстандагы 1980-жылдардагы согуш Советтер Союзунун банкрот болушуна жана ыдырашына алып келген деп белгиледи.

"Орусия мурда Советтер Союзу болчу. Ооганстан үчүн алар Орусияга айланышты, анткени Ооганстанда согушуп жатып, (СССР) банкрот болгон...Террорчулар Орусияга карай бет алганда Орусия Ооганстанга кирген. Алардын (Советтер Союзунун) ал жакка киргени туура эле болгон. Согуш оңой болгон эмес. Алар ошол себептен улам банкрот болушкан. Алар ошондуктан Советтер Союзу эмес, Орусия деп аталып калган. Силер окуп жүргөн көп аймактар Ооганстан үчүн Орусиянын бөлүгү болбой калды", - деди Трамп.

Дональд Трамп өткөн жылдын соңунда Ооганстандагы америкалык аскерлердин санын азайтуу боюнча чечим кабыл алганы айтылган.

1979-жылы Советтер Союзу Ооганстанга армия киргизип, өкмөттү жөлөп-таяп турган он жылда 15 миңдей советтик жоокер курман болгон.

XS
SM
MD
LG