Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Бразилияда АКШнын аскердик базасы жайгашышы мүмкүн


Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонару аялы Мишел Болсонару менен. 1-январь, 2019-жыл.
Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонару аялы Мишел Болсонару менен. 1-январь, 2019-жыл.

Бразилиянын жаңыдан кызматка киришкен президенти Жаир Болсонару өз өлкөсүндө америкалык аскер базасы жайгашышы мүмкүн экенин кыйытты.

SВТ телеканалындагы маегинде ал Кошмо Штаттар менен тиешелүү келишимге кол коюшу ыктымал экенин айтты. Болсонару экономикалык маселелерден улам Вашингтон менен алака оңолушу мүмкүн, ошону менен катар Бразилия АКШ менен аскердик тармакта да алакаларын калыбына келтире алат деп эсептейт.

Болсонару Бразилиянын президенттик кызматына 1-январда расмий киришти. Инаугурация маалында сүйлөгөн сөзүндө ал өлкөсүндөгү демократияны бекемдөөгө убада берди. Жаир Болсонару оңчул жана улутчул көз караштары үчүн Бразилияда укук коргоочулар аны "тропикалык Трамп" деп аташат.

Шайлоо өнөктүгүнүн маалында ал жыныстык азчылыктарды, иммигранттарды басмырлап сүйлөп келген.

Бразилиянын буга чейинки эки президенти Лула да Силва менен Дилме Русефге коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголуп, алар тиешелүү түрдө 12 жана 9,5 жылга эркинен ажыратылган. Азыр экөөнүн тең иши жогорку инстанциянын кароосунда турат.

XS
SM
MD
LG