Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Акун: Текебаев мыйзам жолу менен акталышы керек


Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун экс-президент Роза Отунбаева менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлеринин Өмүрбек Текебаевди бошотуу өтүнүчү президент Сооронбай Жээнбековду мыйзамсыз кадамга барууга түртүп жатат деп эсептейт.

Бул тууралуу ал билдирүү таратып, "Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө" мыйзымдын 14-беренесинин негизинде соттолгон адам өзү президентке ырайым сурап кайрылышы талап кылынарын, ал эми Өмүрбек Текебаев буга чейин ырайым сурабай турганын жарыялаганын билдирген.

Турсунбек Акун тескерисинче, Текебаевдин ишиндеги акыркы учурда жаңы ачылган жагдайлар эске алынып, ал мыйзам жолу менен акталууга тийиш экенин белгилеген.

Былтыр 25-декабрда экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн.

"Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө" мыйзамдын беренесине таянып ал мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын айткан.

Отунбаеванын бул кайрылуусун Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлери да бир добуштан колдошкон. Бирок “Мунапыс жөнүндө” мыйзам юристтердин арасында кайчы пикирлерди жараткан. Текебаевди абактан бошотуу демилгесине азырынча расмий жооп боло элек.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Маевский былтыр Орусияда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталып, камакка алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG