Линктер

бейшемби, 17-январь, 2019 Бишкек убактысы 21:36

Текебаевдин иши: талкууга түшкөн өтүнүч


Өмүрбек Текебаевдин 60 жылдык юбилейине карата ачылган сүрөт көргөзмө. 21-декабрь, 2018-жыл.

Экс-президент Роза Отунбаева президентке “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди абактан чыгаруу өтүнүчүн жолдоду. Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты.

Юристтер “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамды ар башкача чечмелеп жатышат.

Арасында “соттолуучу өзү кайрылмайынча, президент ырайым бербейт” дегендер да, “президент ансыз эле ырайым кыла алат” дегендер да болууда.

Роза Отунбаева президентке кайрылуусунда “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын беренесине таянып мамлекет башчысы соттолуучу өзү кайрылбаса да, эмгектери же башка жөндүү себептери болсо ырайым бере ала турганын белгилеген.

Кайрылууну 25-декабрда Жогорку Кеңештеги алты фракциянын лидерлери да бир добуштан колдогон.

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев мындай аракеттер мыйзамсыз экенин айтты:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

​- Экс-президент Роза Отунбаева, парламенттеги алты фракциянын башчылары президентке “Текебаевге ырайым кылыңыз” деп кайрылып жатышпайбы. Булар 2002-жылы кабыл алынган “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесин бузуп жатышат. 14-берене боюнча соттолгон киши президентке өзү кайрылышы керек. Президент ошол учурда гана бул маселени карайт. Булар болсо мыйзамды бузуп жатышат. Алар бул үчүн жооп бериши керек. Эгер мыйзамды сактабасак анын эмне кереги бар?

Анткен менен кайрылууну колдогондор мындай пикирди “туура эмес” деп эсептешет. Алардын бири - Жогорку Кеңештеги “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов:

- Бул чечим мыйзамдуу. “Ырайым кылуу боюнча Текебаев өзү кайрылуу жасашы керек” деп жатышат. Бирок биз болсо Роза Отунбаеванын кайрылуусун колдоп берүү боюнча сунушун карап чыгып, фракция лидерлери “туура” деп чечип, кол коюп бердик.

Президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында Текебаев боюнча бардык соттук инстанциянын чечими чыкканын, эгер ал кайрылса, ырайым бере турганын жарыялаган. Ал муну Текебаевди абактан чыгаруунун бир гана жолу катары сыпаттаган.

Бирок Өмүрбек Текебаев 22-декабрда ырайым сурабай турганын, өзүнүн актыгын далилдей турганын билдирген.

Юрист жана экс-депутат Мукар Чолпонбаев саясатчыны бошотуунун талкууланып жаткан жолун мыйзамсыз деп эсептегендердин бири:

Мукар Чолпонбаев.
Мукар Чолпонбаев.

- Конституция боюнча соттолгон адамга президенттин ырайым кылуу укугу бар. Бирок ырайым берүү шарттары атайын жобо менен бекитилген. Ал Советтер союзунун учурунан бери келе жатат. Ырайым кылыш үчүн соттолгон адам жазасынын жарым мөөнөтүн өтөш керек. Экинчиден, ал ырайым кылуу боюнча өзү арыз жазыш керек. Ансыз болбойт. Анткени жаза берүүнүн негизги шарттарынын бири – бул адамды оңдоп, түз жолго салуу. Эгер адам күнөөсүн моюнуна албаса, аны түз жолго түшүптүр деп эсептөөгө болбойт. Ошондуктан ушул шарт каралган. Ырайым соттолгон адам түз жолго түшкөндө гана берилет. Башка адамдардан өтүнүч берилгени менен соттолгон адамдын өзүнөн өтүнүч түшмөйүнчө президент чечим чыгарууга болбойт. Бирок бир шарт бар. Эгер президент мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кызматта турганда өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, тергөөчүлөргө, сотторго буйрук берүү менен мыйзамсыз соттолгон, саясий куугунтук көрсөткөн адамдардын баарына бир саясий чечим чыгарса туура болмок. Ошондуктан саясий куугунтукка кабылган түрмөдөгү 14 адам боюнча Жогорку Кеңештин алты фракциясынын төрагалары чогуу өтүнүч келтирсе, президент өз укугун пайланса туура болот деп эсептейм. Анткени мыйзам бир эле кишиге эмес бардыгына бирдей колдонулушу керек.

Учурда Садыр Жапаров, Бектур Асанов Кубанычбек Кадыров жана Бекболот Талгарбеков баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурушат.

Юрист, саясат талдоочу Кайрат Осмоналиев Текебаевге ырайым кылуу боюнча төмөнкүдөй ою менен бөлүштү.

- Жогорку Кеңештеги фракциялардын лидерлеринин кайрылуусун саясий кадам деп айтса болот. Юридикалык жагынан алганда анын мааниси жок. Мисалы, президент ырайым кылуу чечимин кабыл алса, анда соттолгон киши акталган жок деген жагдай пайда болот. Ал эми Текебаев өзү “күнөөм жок” деп айтып жүрбөйбү. Эгер ырайым кылынса “мен күнөөлүмүн. Бирок ырайым сурап жатам” деген маани болуп калат.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова “Мунапыстын жалпы принциптери жана ырайым кылуу жөнүндө” мыйзамда ырайым кандай шартта берилери так жазылбаганын жүйө келтирди.

Аида Салаянова.
Аида Салаянова.

​- Мыйзамда “эреже катары” деген сөз бар. Ага ылайык соттолуучунун өтүнүчү же анын өтүнүчү жок деле ырайым кылынат. Бул – ким болсо да анын кайрылуусу жок эле президент өзү чечип койсо болот деген сөз. Негизи ал мыйзамда так жазылышы керек. Бирок айрым учурларда мына ушундай жагдайлар чыгып калат. “Эреже катары” дегенде “өз өтүнүчү же өтүнүчүсүз ырайым кылынат” деп баары тизмектелип жазылбагандан кийин муну ар ким каалагандай чечмелей берсе болот. Саясий жагынан алсак, Текебаев күнөөсүз экенин кичинекей баладан тарта президентке чейин билет. Эгер президентте кенедей шек болгондо ал Текебаевди куттуктамак да эмес. Ырайым кылуу маселелер боюнча президентке караштуу комиссия ушуларды териштирип чыгыш керек. Бул жерде саясий иш болуп жатканын алар да түшүнүш керек. Алар президентке сунуш берип жатканда “эреже катары” деп жазылып калган нерсеге өз баасын берип, президентке туура багыт бериш керек.

Өмүрбек Текебаевди ырайым кылуу жолу менен абактан бошотуу демилгесине азырынча расмий жооп боло элек. Президентке жолдонгон кайрылууну Өмүрбек Текебаев камакта жаткан колония жайгашкан аймактагы акимиатта түзүлгөн атайын комиссия, андан соң ырайым кылуу маселелери боюнча президентке караштуу комиссия карашы керек.

Өмүрбек Текебаевге ырайым кылуу демилгелери президент Сооронбай Жээнбеков 22-декабрда Текебаевди туулган күнү менен куттуктап чалгандан кийин жанданды.

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары, бир катар саясатчылар Текебаев жаткан ооруканага барып жолугушкан. Ал учурда Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланууда.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы Өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде коррупцияга айыпталып, сегиз жылга кесилишкен.

Текебаев жана анын тарапташтары коюлган айыпты мурдагы бийликтин саясий куугунтугу деп келишет.

Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский быйыл 16-ноябрда "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталган. Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкени кабарланган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG