Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Индияда аялдардын чиркөөгө киришинен улам башаламандыктар башталды


Индиядагы гендердик теңчиликти колдоп акцияга чыккан аялдар. 1-январь, 2019-жыл. Керала штаты.
Индиядагы гендердик теңчиликти колдоп акцияга чыккан аялдар. 1-январь, 2019-жыл. Керала штаты.

Индиянын түштүгүндөгү Керала штатында полиция менен радикалчылардын кагылышуусу уланып жатат. Башаламандыкка аялдардын чиркөөлөрдүн бирине киришине уруксат берилиши себеп болду.

2019-жылдын 1-январына чейин Индиядагы чиркөөлөрдүн бирине 10 жаштан 50 жашка чейинки курактагы кыз-келиндерге кирүүгө бир нече кылымдан бери тыюу салынып келген. Бул эреже жыл башында жоюлганына байланыштуу өлкө боюнча нааразылык акциялары өтүп жатат. Эң ири башаламандыктар дал ошол чиркөө жайгашкан Керала штатында болууда.

Кагылышуу учурунда бир адам каза тапты. Миңден ашуун адам кармалды. Демонстранттар бийликтеги партиянын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кеңселерин өрттөп салышты.

1-январда эки аял Сабаримала чиркөөсүнө киришкен. Ошол күнү Индия боюнча гендердик теңчиликти колдоп беш миллиондой аял атайын акцияга чыгышты.

Сөз болуп жаткан тыюу Индиянын Жогорку Сотунун чечими менен былтыр сентябрда жоюлган. Чечим жыл жаңырары менен күчүнө кирди. Мурда чиркөөгө кирүүгө аракет кылган аялдарды эркектер таш бараңга алышчу.

XS
SM
MD
LG