Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Индия өкмөтү талакты кылмышка теңеди


Чандигарх шаарындагы мечиттин жанында Айт намазы окулгандан кийин мусулман карыя күзгүгө каранып жатат, 16-октябрь 2013-жыл.
Чандигарх шаарындагы мечиттин жанында Айт намазы окулгандан кийин мусулман карыя күзгүгө каранып жатат, 16-октябрь 2013-жыл.

Индиянын өкмөтү мусулмандардын талак айтып ажырашуусун кылмышка теңеген буйрук чыгарды. Ага ылайык, аялына талак берген эркектер эми түрмөгө кесилет. Мындай чечимди көптөгөн жарандык активисттер, алардын ичинде мусулман аялдары колдогону менен каршы болгон адамдар да аз эмес.

Индияда канча жылдан бери талакка тыюу салуу демилгесин көтөрүп келген мусулман аялдары бүгүн кубанып турушат. Себеби өкмөт өлкөдөгү мусулман эркектердин үч жолу талак айтып, аялдары менен ажырашуусун кылмышка теңеди. Шаршембиде жарыяланган буйрукка ылайык, аялына талак берген эркектер үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

- Мындай буйрук чыгарууга зарылчылык бар болчу. Болушунча тез чечим чыгарышыбыз керек эле. Дүйнө жүзүндөгү 22 ислам мамлекети "үч жолу талак айтуу" көрүнүшүн мыйзам менен жөнгө салган. Бирок Индия сыяктуу секулярдуу өлкөдө биздин кыздарыбыз жана эжелерибиз мындай адилетсиз мамилеге туш болуп келишкен, - деп билдирди Индиянын юстиция министри Рави Шанкар Прасад.

Индиянын 1 миллиард 300 миллионго чукул калкынын 13 пайызын же 170 миллионун исламдын сунни багытын карманган мусулмандар түзөт. Бул өлкөнүн мыйзамдары мусулман, христиан же хиндуларга никеге туруу, ажырашуу, мурас калтыруу сыяктуу үй-бүлөлүк маселелерди өздөрү карманган диндин шарттарына ылайык чечүүгө уруксат берет.

Андыктан Индиядагы “Мусулмандардын жеке мыйзамына” ылайык, эркектер аялдары мене ажырашуусу үчүн араб тилиндеги “талак” деген сөздү үч жолу айтса жетиштүү болмок. Анын үстүнө “талакты” калааган учурда, каалаган жол менен, маселен SMS же социалдык тармактар аркылуу берүүгө шарт түзүлгөн эле.

Индиянын Сринагар шаарындагы Айт намазы.
Индиянын Сринагар шаарындагы Айт намазы.

Соңку бир канча жылдан бери жарандык активисттер, алардын ичинде мусулман аялдардын өздөрү да талак жолу менен ажырашкан аялдар мыйзам тарабынан корголбой калып жатканын айтышып, нааразылыгын билдирип келишкен.

Эми өкмөттүн соңку буйругу Индияда талакка толугу менен тыюу салууга жол ачканы турат. Себеби 2017-жылдын август айында Индиянын Жогорку соту талак айтып ажырашууну “Конституцияга каршы келет” деп тапкан. Ал чечимдин негизинде Нарендра Модинин өкмөтү бул көрүнүшкө толук тыюу салган мыйзам долбоорун даярдап, парламентке сунуштаган.

Бул долбоорду парламенттин төмөнкү палатасы былтыр декабрь айында жактырганы менен жогорку палатасы талак берген эркектерге жаза катаал болуп калды деген жүйө менен каршылыгын билдирип, натыйжада мыйзам ара жолдо калган.

Эми өкмөтү өз буйругунун мыйзамга айландыруу үчүн алты айдын ичинде парламенттин макулдугун алышы керек. Бирок ага чейин эле буйрукту бузгандар жазалана баштайт.

- Мыйзамды кабыл алуу багытында иш жүрүп жатканы абдан жакшы. Бирок мындай көрүнүштөр улана берсе, өкмөт кандай жардам бере аларын так билбейм. Эгер өкмөт биздин мүдөө-максаттарыбызды колдосо, анда биз мыйзам долбоорун кубаттайбыз, - дейт талактан жабыркаган Фаржана Бегум.

Мумбаиде өкмөттүн талак тууралуу чечимине нааразылык билдиргендер, 19-сентябрь 2018-жыл.
Мумбаиде өкмөттүн талак тууралуу чечимине нааразылык билдиргендер, 19-сентябрь 2018-жыл.

Индия мусулмандарынын арасында өкмөттүн талакты кылмышка теңеген буйругу боюнча пикирлер бир кылка эмес. Айрымдары бул чечим мусулманчылыктынкалыптанган жол-жоболоруна каршы келет десе, кайсы бири хиндулар басымдуулук кылган Индия коомунда исламдын таасирин азайтуу аракети жүрүп жатканын айтышат.

Каршы болгондордун бири “Мусулмандардын бүткүл Индия боюнча кеңеши” партиясынын президенти Асадуддин Оваиси:

“Исламда нике жарандык келишим катары каралат. Эми жазалоочу чаралардын киргизилип жатканы чектен ашкан, кабыл алынгыс кадам”.

Дүйнөдө Пакистан жана Бангладеш сыяктуу мусулмандар көпчүлүктү түзгөн мамлекеттерде талак аялдардын укугу корголгондой болуп жөнгө салынган. Талак берүү Борбор Азиядагы мусулмандардын арасында да маселе жаратып жатканын айрым кабарлар күбөлөп турат.

Делинин борбор мечитиндеги Айт намазы, 22-август, 2018-жыл.
Делинин борбор мечитиндеги Айт намазы, 22-август, 2018-жыл.

2012-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Турсунбай Бакир уулу миграция кеткен эркектер аялдарына SMS аркылуу талак берип жатканын билдирип, бул маселени жөнгө салуу өтүнүчү менен муфтиятка кайрылган. Ал жубайлардын телефон же интернет аркылуу талак берүүсүнө тыюу салууну талап кылган болчу.

2015-жылдын июль айында Тажикстандын борбору Душанбеде күйөөсү “үч талак” берген аял үч баласы менен кошо дарыяга бой таштаган. Аял куткарылып, бирок балдардын баары чөгүп кеткени белгилүү болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG