Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:52

Лондон Москвада кармалган Уилан боюнча тынчсыздануусун билдирди


Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант. 9-октябрь, 2018-жыл.
Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант. 9-октябрь, 2018-жыл.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги 4-январда тараткан билдирүүдө мекеменин башчысы Жереми Хант Москвада "тыңчылыкка" айыпталып, камакка алынган Пол Уиландын тагдыры боюнча тынчсыздануусун айткан.

Биз адамдардын дипломатиялык шахмат оюндарында колдонулушуна каршыбыз… Биз ага жана анын үй-бүлөсүнө тынчсызданып жатабыз, -деп жазылган Ханттын билдирүүсүндө.

Москвада кармалган Уилан эки мамлекеттин - АКШ менен Британиянын жараны экени маалым болду.

Мурдараак Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Москвадан Уиландын камалышы боюнча түшүндүрмө талап кылган.

Помпео эгер анын кармалышы негизсиз болсо, токтоосуз бошотууну да талап кылган. Уиланга козголгон иштин чоо-жайы маалымдалган жок.

Пол Уилан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан 28-декабрда кармалганы маалым болду. Москванын Лефортово соту Уиланга «тыңчылык» боюнча расмий айып тагып, 28-февралга чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Ага тагылган айып боюнча 10 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Уилан өзү күнөөсүз экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG