Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:42

«Талибандын» жоочулары 26 ооган полиция кызматкерин өлтүрдү


Кандагар провинциясындагы "Талибанга" каршы операция. 6-январь, 2019-жыл.
Кандагар провинциясындагы "Талибанга" каршы операция. 6-январь, 2019-жыл.

Ооганстандын батышында «Талибан» кыймылынын жоочулары коопсуздук бекеттерин курчоого алып, 26 полиция кызматкерин өлтүрүшкөнүн 7-январда расмий бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Куралдуу жоочулар 6-январда Түркмөнстан менен чектешкен Бадгиз провинциясынын эки башка жеринде өткөрмө бекеттерге чабуул коюшкан. Провинциянын башчысы Абдул Азиз Бек 14 полиция кызматкери жана өкмөттүк милиция кошуунунун жети мүчөсү өлтүрүлгөнүн, дагы алтоо жарадар экенин бышыктады.

Бадгиз провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Жамшид Шахаби кармаштарда кеминде 15 талиб жоочусу жок кылынып, 10 киши жарадар болгонун маалымдады.

«Талибан» кыймылы чабуулдарды өз мойнуна алды. Кыймылдын басма сөз катчысы Кары Юсуф Ахмадинин айтканы боюнча, жоочулар коопсуздук күчтөрүнүн 34 мүчөсүн өлтүрүп, көп курал-жарак тартып алышты.

"Талибан" менен АКШнын өкүлдөрү ооган жергесинен чет элдик күчтөрдүн чыгып кетишин жана ок атышууну токтотууну талкуулаш үчүн ушул айда жолугушмак болгон.

"Талибан" менен эл аралык коомчулук тааныган ооган өкмөтү 17 жылдан бери кармашып келет. Акыркы маалыматтарга караганда, талибдер Ооганстандын 40 пайыздан кем эмес аймагын көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG