Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Азербайжанда блогер Гусейнов абакта ачкачылыгын улантып жатат


Мехман Гусейнов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).
Мехман Гусейнов (сүрөт качан тартылганы белгисиз).

Азербайжанда «полицияга жалаа жапкан» деген айып менен кесилип, түрмөдө эки жылдык жаза мөөөтүн өтөп жаткан блогер Мехман Гусейнов эки жумадан бери ачкачылык кармап отурат. Ага жаза мөөнөтү аяктап, эркиндикке чыгарында башка иш козголду. Гусейнов жаңы айып боюнча беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Гусейнов камалгыча «Фейсбукта» «Төөнөгүч» деген аталыштагы атайын баракчасына коррупцияга каршы материалдарды жарыялап турган. 2017-жылдын январында «коомдук тартипти бузганы» жана «полицияга баш ийбей койгону үчүн» кармалып, айыппул төлөгөн.

Кийинчерээк Гусейнов полиция аны кармаганда оозун скотч менен чаптап, башына баштык кийгизип, ток урдуруп сабаганын айткан. Март айында сот блогерди «полицияга жалаа жапты» деп эки жылга эркинен ажыраткан. Азербайжандын Жогорку соту баштапкы өкүмдү күчүндө калтырган.

26-декабрда Гусейновдун жаза мөөнөтү аяктарына эки ай калганда «түрмөнүн кызматкерин сабаган жана жанына акча салып жүргөн» деген негизде жаңы кинеге кириптер болду. Буга каршылык иретинде блогер ачкачылык кармаган. Кийинчерээк туугандарынын өтүнүчү менен сүт иче баштаган.

Ага коюлган жаңы айып боюнча сот иши баштала элек. Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы Дунья Миятович азери бийлигин блогерди куугунтуктоону токтотууга үндөдү. Ошондой эле «Чек арасыз кабарчылар», «PEN America» сыяктуу уюмдар анын таламын талашып чыкты.

Азейбайжандык укук коргоочулардын эсебинде өлкөнүн абактарында 100дөн ашуун «саясий туткун» отурат.

XS
SM
MD
LG