Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:25

Түндүк Кореянын лидери түшкөн поезд Бээжинден кетти


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Кытайдын жол башчысы Си Цзинпин, 8-январь, 2019-жыл.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Кытайдын жол башчысы Си Цзинпин, 8-январь, 2019-жыл.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түшкөн поезд Бээжиндин башкы возкалынан 9-январда узап кеткенин күбөлөр менен журналисттер ырасташты.  

Ким Кытайдын баш калаасына Си Цзинпиндин чакыруусу менен шейшембиде Түндүк Корея менен АКШнын лидерлеринин экинчи саммитин утурлай барды. Бээжин менен Пхеньяндын маалымат каражаттары самиттин чоо-жайы жөнүндө кабар беришкен жок.

Ким Чен Ын жаңы жылдык кайрылуусунда эгер Вашингтон санкцияларды күчөтсө Пхеньян өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жол-жобосун өзгөртөрүн эскертти.

Ким ушуну менен Бээжинге төртүнчү ирет барып отурат. Кытай - Түндүк Кореянын башкы дипломатиялык өнөктөшү.

8-январда Ким Чен Ын Си Цзинпин менен бир сааттай жолугушуп, андан соң лидерлер жубайлары менен бирге сый тамакка отурушкан. Маалыматта айтылгандай, 8-январь – түндүк кореялык лидердин туулган күнү.

 

XS
SM
MD
LG