Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Терек-Сайда алтын кенине бараткан техниканын айдоочусу окко учту


Чаткалдагы нааразылык. 2-декабрь.
Чаткалдагы нааразылык. 2-декабрь.

Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп, каза болду. Бул тууралуу фирмага техника жеткирүүчү жалданма компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү "Азаттыкка" билдирди.

Окуя 10-январга караган түнү саат 2:00 чамасында Терек-Сай айылында болду.

- Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган, - деди компаниянын өкүлү.

Сөөк Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, учурда каза болгон адамдын сөөгү өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.

Айдоочу окко учканын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуянын себеби такталып жатканын билдирди.

Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13ү үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери уланууда. (RsK\ErN)

XS
SM
MD
LG