Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:54

АКШнын мамкатчысы Сауд Арабиясынын ханзаадасы менен жолукту


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман. 14-январь, 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман. 14-январь, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Сауд Арабиясынын падышасы жана анын мураскор уулу менен жолукту. Помпео ханзаада Мухаммад бин Салман менен 45 мүнөт бетме-бет сүйлөшүп, Йемендеги чатакты жөнгө салуунун зарылдыгын талкуулаган. Буга чейин Помпео журналист Жамал Хашогжинин өлүмү кандай иликтенип жатканын да сурарын билдирген. Азырынча ал тууралуу эмне кеп болгону белгисиз.

Хашогжи (Хашогги) былтыр октябрда Түркиядагы Саудиянын башкы консулдугунда өлтүрүлгөн. Бул үчүн Батыш өлкөлөрү падышанын бийлигин айыпташкан. Ал эми АКШ Сенаты Хашогжинин өлүмү үчүн жоопкерчилик ханзаада бин Салманда деп эсептейт.

Помпео Эр-Риядга Доха шаарынан 13-январда барган. Анын сапарынын алкагында Катардагы Эл-Удейддеги авиа базаны кеңейтүү жана жаңылоо боюнча меморандумга кол коюлду.

Учурда бул базада Сириядагы, Ирактагы, Ооганстандагы операцияларга жооп берген америкалык куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгы жана он миңге жакын аскер жайгашкан.

XS
SM
MD
LG