Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:33

Помпео: АКШ Хашогжини өлтүргөндөрдү жоопко тарттырууга жетишет


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман. 14-январь, 2019-жыл.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Сауд Арабиясынын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман. 14-январь, 2019-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео киши колдуу болгон журналист Жамал Хашогжинин өлүмүн иликтөөдө ага тиешеси барлар "жоопкерчиликке тартыларын" баса белгиледи. Помпео Эр-Риядда туруп, Сауд Аравиянын бийлиги Жамал Хашогжинин өлүмүнө тиешеси барларды жоопкерчиликке тартуу "милдеттемесин бышыктаганын" айтты.

Мамлекеттик катчы кошумчалагандай, падышалык бийлик жана иш жүзүндө өлкөнү башкарып жаткан ханзаада Мухаммед бин Салман "жооптууларды табууга макул". Ал ошондой эле Вашингтон Эр-Рияддан бул кылмышка тиешеси бар “бардык адамдардын” жоопкерчилигин кароону таалап кылганын белгиледи.

Хашогжи былтыр октябрь айында Сауд Арабиясынын Стамбулдагы элчилигине кирген бойдон чыккан эмес. Башында Саудия бийлиги журналист дипломатиялык өкүлчүлүктөн аман-эсен чыгып кеткенин билдирген. Бирок кийинчерээк Эр-Рияд журналист элчиликтин имаратында өлтүрүлгөнүн мойнуна алган.

Түркия журналистти жок кылууга Эр-Рияддагы бийликтин жогорку эшалону буйрук берген десе, падышалык аны четке каккан.

Помпео Эр-Риядга Доха шаарынан 13-январда барган. Анын сапарынын алкагында Катардагы Эл-Удейддеги авиа базаны кеңейтүү жана жаңылоо боюнча меморандумга кол коюлду.

Учурда бул базада Сириядагы, Ирактагы, Ооганстандагы операцияларга жооп берген америкалык куралдуу күчтөрдүн борбордук командачылыгы жана он миңге жакын аскер жайгашкан.

XS
SM
MD
LG