Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:02

Алтынай Өмүрбекова балдарды коргоо департаментин түзүүнү сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин карамагында Балдарды коргоо департаментин түзүүнү сунуш кылды.

Алтынай Өмүрбекова азыркы учурда ата-энелер балдарын тууган-уруктарына таштап кетип жатканын айтып, анын айынан балдар ырайымсыз мамиленин курмандыгы болуп жатканын айтты. Ал ата-энелери таштап кеткен балдарды аныктоо, аларга кам көрүү жана абалга көз салуу системасы тийиштүү деңгээлде иштелип чыкпаганын эске салды.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда мигранттардын балдарынын саны отуз миңдин тегерегинде. Ал эми укук коргоочулар ата-энеси чет жакта иштеп жүргөн 256 миң бала бар экенин, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энеси экөө тең миграцияда жүрүшкөнүн айтып келатышат. Адистер болсо балдардын коопсуздугун коргоо ата-энелердин, өкмөттүн гана эмес, жапырт коомчулуктун милдети экенин байма-бай эскертип жатышат.

ИИМдин маалыматы боюнча, былтыр жашы жете элек балдарга карата жасалган 1291 зордук-зомбулук фактысы катталган. (KR)

XS
SM
MD
LG