Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелованы Түштүк Кореяга эмес, Жапонияга элчи кылып дайындалса туура болорун билдирди. Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, депутат мындай пикирин 15-январда Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети төрт мамлекетке көрсөтүлгөн элчилердин талапкерлигин карап жаткан учурда айтты.
Казакбаев Динара Кемелова жапон тилин жакшы билерин, ушундан улам ошол өлкөгө элчи болуп барса туура болорун белгиледи.
Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров мындай чечимди Тышкы иштер министрлиги кабыл алганын, Жапониядагы элчилик кызмат ордуна жакын арада башка талапкер көрсөтүлөрүн билдирди. Түштүк Кореяга элчиликке көрсөтулгөн Кемелова азыр тышкы иштер министринин орун басары.
Учурда Кыргызстандын Жапониядагы элчисинин орду бош турат. Мурда бул кызматты аркалаган Чыңгыз Айдарбеков 2018-жылдын октябрында тышкы иштер министри болуп дайындалган.
Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук боюнча комитети Түштүк Кореяга, АКШга, Кытайга жана Орусияга элчилик кызматка көрсөтүлгөндөрдүн талапкерлигин 15-январда колдоду. (SE)