Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

“Жундада” иштеген кытайлык жарандардын паспорттору текшерилди


Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.
Мыйзамсыз миграцияга каршы Бишкекте өткөн митинг. 7-январь, 2019-жыл.

Мамлекеттик миграция кызматы жарандык активисттер менен кошо “Жунда” заводуна барып, ал жакта иштеген кытайлык жарандардын паспорттору менен визаларын текшерди.

Ага жарандык активист Аманбол Бабакулов жана “Кыргыз чоролору” кыймылынын өкүлдөрү катышты.

Миграция кызматынын маалыматына караганда, Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Жунда” заводунда 1000дей киши иштейт. Алардын 300ү Кытайдын, 600дөн ашыгы Кыргызстандын жарандары.

Ишкананын аткаруучу директору Алтынбек Садырбаев кытайлык жарандардын иштегенге уруксат кагаздары, визалары жана паспорттору бар экенин айткан.

Бишкекте 7-январда Кыргызстандагы мыйзамсыз кытай мигранттарына каршы митинг болуп, ага 300дөй адам катышкан. Алар бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, кийинки митинг 17-январда өтөрүн айтышкан. (BTo)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG