Кыргызстан-Филиппин матчы 80-мүнөтүндө эсеп 3:1 болду. Үчүнчү голду кайрадан Виталий Люкс киргизип, хет-трик менен айырмаланды. Ал эми Филиппин командасына алгачкы голду команданын капитаны Штефан Шрёк алып келди.
Натыйжада Кыргызстан тайпада алгачкы үч упайды алганга жакын болуп турат.
Азия кубогунун быйылкы эрежелерине ылайык, тайпадан үчүнчү орунду алган 4 командага 1/8 бөлүккө чыгууга мүмкүнчүлүк берилет. Бул жолдомо үчүнчү орунду жакшы көрсөткүч менен аяктаган командаларга берилет. (SDz)