Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:55

Бишкекте Канжар Кадыралиев боюнча сот жараяны болот


Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

Бүгүн, 17-январда Бишкектин Октябрь райондук соту Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиев боюнча доо арызды карайт.

Кадыралиевге каршы арыз жазган ишкер Сактан Келдибаев билдиргендей, буга чейин создугуп келген ишти сотто кароо бүгүнкүгө белгиленген.

2014-жылы Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Ыргал Кадыралиеванын жана парламенттин мурдагы депутаты, маркум Санжар Кадыралиевдин бир тууганы, Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Опузалоо” жана “Өзүм билемдик” беренелери менен ишин козгоп, аны кызматынан бошоткон. Ал кылмыш иши козголгондон беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Кадыралиевге иш козголушуна "куралдуу карактоого кабылды" деген өзгөндүк жеке ишкер Сактан Келдибаевдин туугандарынын, андан кийин өзүнүн айылдашы Абдимитал Бекташевдин арыздары негиз болгон. Бирок сот азыркыга чейин чечим чыгара элек.

Кийинчерээк Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошев Канжар Кадыралиевди "мүлкүмдү тартып алды" деп сотко берген.

Жабырлануучу тараптар сот чечиминин создугуп жатышына нааразылык билдирип келишет.

Кадыралиев жана анын жакындары кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келатат.

XS
SM
MD
LG