Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Кадыралиевдин каршылашы пикетке чыкты


Мирлан Жолдошевдин (сол жакта биринчи) үй-бүлөсү. 8-октябрь, 2018-жыл.
Мирлан Жолдошевдин (сол жакта биринчи) үй-бүлөсү. 8-октябрь, 2018-жыл.

"Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевден жабыркадым" деген Ош шаарынын тургуну Мирлан Жолдошевдин үй-бүлөсү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыкты.

Доо коюлуп жаткан тарап дооматтарды четке кагып, соттук иштин создугушун далилдердин жетишсиздиги менен байланыштырууда.

Эки баласын, карыган ата-энеси менен жубайын ээрчиткен Мирлан Жолдошев Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгып, соттук иштин создугуп жатышына нааразылык билдирди:

Мирлан Жолдошев.
Мирлан Жолдошев.

- Азыр биринчи инстанция да ишти карап бүтө элек. Октябрь райондук сотунда турат. Өкүм чыга турган мезгилде сотту жылдырып жатышат. Бир туруп "Ошко которобуз" дейт, же ал жакка жибербейт, же Бишкектен бүтүрүшпөйт. Ошондуктан президентке кайрылып, ишти тездетип берүүнү суранып жатабыз. Биз сот Ошто болсо Ошто, Бишкекте болсо Бишкекте соттошобуз.

Мирлан Жолдошевдин атасы Жапар Жолдошевдин айтымында, соттордун мамилеси жанга баткан үчүн бул үй-бүлө көчөгө чыгууга аргасыз болуп жатат:

Жапар Жолдошев.
Жапар Жолдошев.

- Баламдын Канжар Кадыралиев менен соттошуп келатканына 4,5 жыл болду. Ошондон бери эч ким караган жок. Мына азыр балдары менен батирлеп, көчөдө жүрөт. Биз ойлонуп жүрүп оорукчан да болдук. Акыры чыдабагандыктан ушинтип көчөгө чыгууга туура келди. "Кыргызстанда бир акыйкат болор бекен, кембагалдарды карар бекен?" деген максат менен келдим.

Мирлан Жолдошев Канжар Кадыралиев 2013-жылы Ошто прокурор болуп турганда анын кафесин ижарага алып, акысына 6 сотых жер бергенин айтууда. "Кийин ал жерге үй салгандан кийин Кадыралиев кафени да, үйдү да тартып алды" деп айыптады ал.

Жолдошевдер коюп жаткан дооматтар боюнча Канжар Кадыралиев "Азаттыктын" кабарчысына төмөнкүлөрдү айтуу менен чектелди:

Канжар Кадыралиев.
Канжар Кадыралиев.

- Мен өзүм барсам болот да? Өзүм барам. Мен айта турган, мен бере турган дагы жакшы нерселер бар.

Андан бери Кадыралиев менен кайра байланышуу мүмкүн боло элек.

Ал эми карындашы, Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Ыргал Кадыралиева соттун создугушун доогер тарапта далилдердин жетишсиздигине байланыштуу болуп жатат деп эсептейт.

Канжар Кадыралиевдин ишин учурда Бишкектин Октябрь райондук соту карап жатат. Былтыр райондук сот ишти кайра тергөөгө жөнөтүүнү чечкен. Бирок жабырлануучу тарап буга каршы болуп, шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот бул чечимди бузуп, соттук териштирүүнү улантыш үчүн Октябрь райондук сотуна жөнөткөн. Жогорку сот чечимди күчүндө калтырган.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева соттук иштердин жылдап создугуп кетишин тергөө иштерине байланыштырды.

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Сот процесстери тергөө иштеринде тигил же бул маселелерден улам жүйөлүү себептер менен созулуп калат. Жогорку Кеңештин, тармактык комитеттердин отурумдарын карасаңыздар, биз да ушул маселелерди көп көтөрөбүз.

Бул иш коомчулукта резонанс жаратканда ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Кадыралиевдин жоопко тартылышын өз көзөмөлүнө алып, Башкы прокуратурага, ИИМге ишти тезинен териштирүү боюнча тапшырма берген.

Канжар Кадыралиевдин үстүнөн Жолдошевдерден тышкары өзгөндүк эки ишкер Сактан Келдибаев менен Абдимитал Бекташов да "Кадыралиев опузалады, жер талашты” деп арызданышканы белгилүү.

Ош шаарынын мурдагы прокурору Канжар Кадыралиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык», «Опузалоо» жана «Өзүм билемдик» беренелери менен 2014-жылы кылмыш ишин козгоп, анын негизинде ал беш айдан кийин камакка алынган. Кийинчерээк Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кадыралиев жана анын жакындары коюлган бардык айыптарды жалаа катары четке кагып келатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG