Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кадыралиевдин иши кайра тергелет


Канжар Кадыралиев
Канжар Кадыралиев

Ишкерлерден “опузалап акча талап” кылган деп айыпталып жаткан Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери Канжар Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлдү.

Жабырлануучулар Кадыралиев кылмыш жоопкерчилигинен качууга аракет кылып жатат деп тынчсызданууда. Мурдагы депутаттын бир тууганы менен ишкерлердин чуулгандуу окуясы өлкө жетекчилигине чейин жетип, президент аны өз көзөмөлүнө алган. Бирок иш үч жылдан бери аягына чыкпай келет.

Кадыралиевдин адвокаттары ишти кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнүп, аны Октябрь райондук соту 15-августта канааттандырган. Кадыралиевдин адвокаты Икрамидин Айткуловдун билдиришинче, тергөө ишинде көптөгөн суроолор жоопсуз калган.

- Ал жерде көптөгөн маселелер чечилген эмес. Көп суроолор текшерилген жок. Мындан тышкары Канжар Кадыралиевдин Жанар Акаев боюнча сотто айткандары да текшерилет.

Кадыралиевдин иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнү жабырлануучулардын нааразылыгын жаратты. Алар айыпкердин бийликтеги тааныштарынын таасиринен улам үч жылдан бери соттук териштирүүлөр аягына чыкпай жатат деп эсептешет.

Кадыралиевден жабыркагандардын маалымат жыйыны, 13-ноябрь 2015-жыл.
Кадыралиевден жабыркагандардын маалымат жыйыны, 13-ноябрь 2015-жыл.

Жабырлануучулардын бири Мирлан Жолдошев акыйкаттыктан үмүтү үзүлгөнүн айтууда.

- Балдарым менен үч жылдан бери көчөдө жүрөм. Бул тааныштары аркылуу, Ак үйдөн эле ушундай чечим чыгартып алды. Эми эмне кылышты билбей калдым, баш паанек сурап, Кыргызстандан чыгып кетсемби...

Канжар Кадыралиевдин өзүнөн жана жакындарынан пикир алууга мүмкүн болбоду. Бешинчи чакырылышта КСДП партиясынан депутат болгон Ыргал Кадыралиева менен байланышканыбызда ал бир тууганы үчүн жооп бере албасын билдирди. Кадыралиевдин жакындары буга чейин кылмыш иши негизсиз козголгонун айтып келген.

Кадыралиевдин ишинин кайра тергелиши, айыпкерди кылмыш жоопкерчилигинен куткарат деп айтуу туура эмес дейт КСДП партиясынын депутаты Дастан Бекешев.

Эл өкүлү Кадыралиевди бийлик өкүлдөрү калкалап жатат деген пикирлерге кошулбасын билдирди:

- Сот боюнча мыйзамда так жазылган. Депутаттар да, президент да кийлигише албайт. Азыр бийликти сындап атышат, “эмнеге тергөөгө жиберди” деп. Бирөө менен макулдашкан деп жатышат, ким менен макулдашмак эле? Менин оюмча жакшы тергөө жүрбөй, көп нерсе ырасталбай кайра жөнөтүшкөн.

Анткен менен президент өзү көзөмөлгө алган чуулгандуу иштин аягына чыкпай, кайра тергөөгө жиберилиши коомчулукта ар кандай бүдөмүк ойлорду жаратууда.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Жарандык активист Адил Турдукулов бийликтин кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү саясатын кескин сынга алды.

- Бул чуулгандуу иш. Президент өзү көзөмөлгө алып, коомчулук Кадыралиевдин туугандары КСДПдан депутат болсо да жазаланат деп ишенген. Бирок иш бара-бара басаңдап, үч жыл созулганы, бийликтин таасири барынан белги берет. Албетте бул биздин криминалга утулуп бергенибиздин белгиси.

Эки жарым жылдан ашуун убакыттан бери үн катпаган Кадыралиев быйыл апрель айында сотто көрсөтмө берип жатып ошол кездеги журналист, кийин депутат болгон Жанар Акаевди сотторго басым жасап, пара алган деп айыптап чыккан. Депутат муну Кадыралиевдин сот жоопкерчилигинен качуу аракети катары баалаган.

Жанар Акаев журналист болуп иштеп турган учурда Кадыралиевге байланыштуу иликтөө жүргүзгөн. Канжар Кадыралиевге Башкы прокуратура 2014-жылы бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик боюнча кылмыш ишин козгоп, аны Ош шаардык прокуратурасындагы кызматынан бошоткон. Ал беш ай бою качып жүрүп, кийин өз эрки менен тергөөгө келген. Кадыралиев учурда үй камагында жатат.

"Азаттыктын" архиви: Караларды ким тыят? 21-октябрь, 2014-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG