Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Путин Косовонун армия түзүү чечимин сындады


Путинди колдогон адам анын сүрөтүн өөп жатат. Белград. Сербия.
Путинди колдогон адам анын сүрөтүн өөп жатат. Белград. Сербия.

Орусиянын президенти Владимир Путин Сербиядагы сапары учурунда Косовонун армия түзүү чечимин "мыйзамсыз" деп эсептей турганын билдирди.

Орусия лидери 17-январда Белградда Сербия президенти Александр Вучич менен жолуккандан кийин тараптар биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү. Анда Путин Косовонун акыркы кадамы Сербия менен мамиленин чыңалышына алып келгенин жана аймактагы туруктуулукка таасир этиши мүмкүндүгүн айтты. Косово бийлигинин чечимин чагымчылык катары сыпаттап, муну менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясы бузулганын белгиледи.

14-декабрда Косово парламенти жеңил куралданган коопсуздук күчтөрүн толук кандуу армияга айлантуу боюнча өкмөттүн сунушун жактырган. Ага ылайык, 2500 адамдан турган коопсуздук күчтөрү акыркы үлгүдөгү курал менен жабдылган, беш миң аскерден турган армияга айланат.

Приштинанын бул кадамы Косоводогу этникалык сербдердин, Белграддын кыжырын келтирген. АКШ жана Евробиримдиктин айрым мамлекеттери Приштинанын өз армиясын түзүү демилгесин колдосо, Орусия каршы чыккан.

XS
SM
MD
LG