Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:51

Милиция митингде кармалгандарды айыпка жыкты


Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары. 17-январь, 2019-жыл.
Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы митингдин катышуучулары. 17-январь, 2019-жыл.

Январдын башында күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндөгү кодекске ылайык, Биринчи май райондук милициянын башчысы Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы 17-январдагы митинг учурунда кармалгандарга айып пул салды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, аталган кодексте айып пулду ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси аныктай турганы жазылган.

Митингде кармалган 21 жарандын баарына мыйзамда жазылгандай "коомдук тартипти бузду" деген негизде 3000 сомдон айыппул салынып, үч сааттан кийин кое берилген. Эми алар айып пулду бир ай ичинде төлөшү керек. Эгер аны белгиленген мөөнөттө төлөшпөсө, алардын иши сотто каралат.

17-январда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен митинг өткөрүшкөн. Күбөлөр 500дөй адам чогулганын, уюштуруучулар болсо эки миңден ашык киши келгенин айтышууда.

Акцияга чыккандарды таратуу учурунда милиция кызматкерлери 21 жаранды кармап, Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирген. (NT)

XS
SM
MD
LG