Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

HWR: Кыргызстанда адам укугу жаатында жылыш аз


"Хьюман Райтс Уотч" уюму адам укугун коргоо жаатындагы жылдык баяндамасын жарыялады. Анда 2018-жылы Кыргызстанда адам укугу жаатында тынчсыздануу жараткан көптөгөн көйгөйлөр сакталып жатканы айтылган.

Алсак, аялдарга жана балдарга зордук-зомбулуктун азайбаганы, кыйноолор үчүн жоопкерчиликсиз мамиле, экстремизмге шек саналган жарандардын укуктарынын бузулушу уланып жатканы белгиленет.

Эл аралык уюм өмүр бою түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун эркиндикке чыгарылбаганын да өлкөдө бул жаатта иш алдыга жылбаганы менен байланыштырган.

Укук коргоочу уюм Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук токтобой, аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуялары боюнча акыркы эки жылда 9000 кылмыш иши катталганын баяндаган.

Өткөн жылы май айында ала качуунун курмандыгы болгон 20 жаштагы Бурулайдын окуясы да буга ачык мисал катары көрсөтүлгөн.

Былтыр май айында Кыргызстанда башпаанек сурап, жашынып жүргөн Казакстандын жараны, активист Муратбек Тунгышбаевдин казак күч органдарынын колуна өткөрүлүп берилиши да айыпталган. Ошондой эле өлкөдө ыдык көрүп, укугу бузулгандардын сап башында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү турганы жөнүндө да баяндамада айтылат.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму Кыргызстанда сөз эркиндиги жаатында бир аз жылыш бар экенин белгилеп, буга мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айрым маалымат каражаттарына жана журналисттерге берген доо арыздарын кайтарып алышканын мисал келтирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG