Украинанын президенттиги үчүн ат салышаарын айткан белгилүү актер жана куудул Володимир Зеленский Орусияда коммерциялык кызыкчылыктары бар экенин мойнуна алды. Ал "Украинская правда" басылмасындагы маегинде 18-январда "Азаттыктын" украин кызматы жарыялаган маалыматты ырастады. Актер Орусиядагы "Grin Films" аттуу фильм тартуучу компанияга ээлик кылган, Кипрде катталган фирманын кожоюндарынын бири экенин тастыктады.
"Биздин компания ал фирманын акцияларына ээлик кылат. Бул чын",-деди актер Зеленский.
Ал "Grin Films" фирмасы менен түз байланышы жок экенин, анын Орусиянын Маданият министрлигинин тендерлерин утуп алып жатканында кандайдыр бир роль ойнобогонун, Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан бери Орусияда иштебегенин айтты.
Ошол эле учурда актер өз компаниясы жогоруда сөз болгон орусиялык фирманын долбоорлорунан үлүш алып турганын мойнуна алып, жакын арада бул компания менен байланыштарын токтотоорун кошумчалады.
"Quarter 95" студиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, 40 жаштагы украиналык актер Володимир Зеленский 31-декабрдын кечиндеги телешоулардын биринде президенттикке талапкерлигин коерун жарыялаган. Ал мындай чечимин "Украинада бир нерсе өзгөртүү" аракети менен түшүндүргөн.
Учурда Зеленский "Элдин кулу" ("Слуга народа") деген популярдуу сериалда кадимки мектеп мугалиминен президенттикке чейин жеткен каармандын ролун ойноп жүрөт.
Украинада президенттик шайлоо 31-мартка белгиленген.