Кочкордогу мектеби жок окуучулар
Кочкор районунун Туз айылындагы окуучулар ушу тапта ФАПтын эски имаратында, айылдын клубунда жана спорт залда окуп жатышат. Анткени айылдагы мектептин имараты өткөн жылы жабылган. Буга ата-энелердин "имараттан чыккан уулу зат балдарыбыздын саламаттыгына зыян" деген дооматы себеп болгон. Ал эми өкмөт жаңы мектептин курулушу жай алды менен башталып, 2020-жылы пайдаланууга берилерин айтып жатат. Мектеп курулганга чейин окуучулар тар, эски жана суук имараттарда дагы эки жыл билим алууга аргасыз.
Чыгарылыштар
-
Май 01, 2026Паспорт алуунун акысы көтөрүлдү
-
Апрель 22, 2026Ак-Ордо: Жер талаштан чыккан чуу
-
Апрель 05, 2026"Тарбия бербесек түрмөбүз чоң, милиция көп болот"
-
Март 21, 2026Нооруз–2026: Жаратылыш ойгонгон улуу күн
-
Март 08, 2026Бишкекте аялдарды коргоого чакырган акция өттү
-
Март 05, 2026Ажиев абактан тик учак менен чыкты