Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Орусиянын Балашиха шаарында турак жай өрттөнүп эки киши каза болду


Москва облусунун Балашиха шаарындагы 15 кабаттуу турак жайдан чыккан өрттөн эки киши каза болду. Куткаруучулардын айтымында, кырсыктан каза тапкандар батирлердин бирин оңдоп жаткан курулушчулар болгон.

ТАСС агентиги өзгөчө кырдаалдар кызматындагы булагына таянып үйдүн акыркы кабатында жарылуу болуп, өрт чыкканын жазып чыкты. Күбөлөрдүн айтымында, турак жайдын чатырынын бир бөлүгү кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты расмий тастыктаган жок.

Үй бир жыл мурда курулганы, газ киргизилбегени айтылууда. Куткаруучулар турак жайдан отуз кишини алып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG