Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

Чет элдик жарандарга төрт жылда 200 миллион сомго жакын айып пул салынды


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

2014-2018-жылдары Кыргызстанда мыйзам бузган чет өлкөлүк жарандарга 198 миллион 888 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов 25-январда өкмөттүн миграцияга байланыштуу атайын жыйынында билдирди.

Бул айып пул 22 миң 31 чет элдикке чегерилген, анын ичинен 549у республиканын аймагынан сыртка чыгарылган. Алар негизинен миграциялык эрежелерди бузганы такталган.

Мунун алдында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов 2018-жылдын 12 айында Кыргызстандын аймагына 7 миллион 257 миң чет өлкөнүн жарандары кирип, 6 миллион 931 миң адам кайра чыгып кеткенин билдирген.

Буга чейин чет өлкөлүк жарандардан айып пул катары өндүрүлгөн 731 миң 500 сомду өздөрүнө ыйгарып алган Ички иштер министрлигинин онунчу башкармалыгынын жана Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Фактыны Бишкек шаарынын прокуратурасы иликтеп жаткан. (ErN)

XS
SM
MD
LG