Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:44

КСДП: Мискенбаев эртең менен Финполицияга кирген бойдон чыга элек


Мээрбек Мискенбаев "Азаттык" радиосундагы маек учурунда. 2-июль, 2018-жыл.
Мээрбек Мискенбаев "Азаттык" радиосундагы маек учурунда. 2-июль, 2018-жыл.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева партиянын мүчөсү, мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу “Азаттыкка” маалымат берди. Анын айтымында, Мискенбаев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (Финполиция) суракка кирип кеткен боюнча чыга элек.

- Саат ондордо Финполицияга суракка кирип кеткен. Адвокатынан тактасак, ал өзүнүн соттук процесси болгону үчүн Мээрбек Мискенбаев менен чогуу бара албай калыптыр. Мындан сырткары анын жардамчысы Амантур Жамгырчиевди үйүнөн алып кетишиптир. Бизге жеткен маалымат боюнча учурда Мискенбаев менен Жамгырчиевди беттештиргени (очная ставка) жатыптыр. Биз абалга көз салып турабыз, жагдайга карап билдирүү жасашыбыз мүмкүн, - деди Жолдубаева.

Мунун алдында Мискенбаевдин жакындары бир катар маалымат сайттарына аны Финполиция кармап кеткенин билдиришкен.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан комментарий алууга мүмкүн боло элек. Мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур телефонго жооп бербей жатат.

Мээрбек Мискенбаевге байланыштуу иш 2016-жылы башталган. Аны “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулова "Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары берилген, баасы 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген" деп айыптаган. Отунду “Кыргыз көмүр” ишканасы бергени айтылган.

2018-жылы Алыйкулова бул факт боюнча Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына арыз жазып, аталган мекеме алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. “Азаттык” радиосуна берген маегинде Мискенбаев өзүнө коюлган айыптарды четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG