Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 09:37

Дарыгерлер башчысына нааразы


Дарыгерлер башчысына нааразы
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:02:33 0:00

Дүйшөмбүдө Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн дарыгерлери Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, бөлүмдүн башчысы Салтанат Иманбаеваны кызматтан алууну талап кылышты. Алар буга С.Иманбаеванын грант аркылуу келген кымбат баалуу жабдууларды өзү жалгыз ээлеп алып, жамаат менен иштеше албай калганы жана оорулууларды жеке менчик клиникасынан текшертүүгө мажбурлап жатканы негиз деп жарыялашты. Бөлүм башчы С.Иманбаева буга чейин ушундай негизде кызматтан алынышын мыйзамсыз деп сотко арызданып, райондук жана шаардык сот арызын канааттандырган болчу. Учурда дарыгерлердин талабын Саламаттык сактоо министрлигинде жана госпиталда түзүлгөн эки комиссия иликтеп жатат.

XS
SM
MD
LG