Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:12

Бишкектеги митингге катышкан аял эки айга камалды


Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.
Бишкектеги митинг. 17-январь, 2019-жыл.

Быйыл 17-январда Бишкекте өткөн митингге катышкан Гүлжамила Сапаралиева эки айга тергөө абагына камалды.

Митингди уюштуруучулардын бири, активист Аманбол Бабакулов билдиргендей, Биринчи май райондук соту 25-январда ушундай чечим чыгарды. 56 жаштагы Сапаралиева "митингде улут аралык жаңжалды козуткан сөз сүйлөгөн" деп шек саналып жатат. Бабакулов өзү бул сотко күбө катары чакырылганын жана сурак берип чыкканын маалымдап, соттун чечимин Интернетке жарыялады. Гүлжамила Сапаралиеванын бөгөт чарасы тууралуу сот чечиминде ал 2019-жылдын 17-мартына чейин Бишкектин №1 тергөө абагында кармалаары жазылган.

Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 17-январда катталган. Анын негизинде Гүлжамила Сапаралиева шектүү катары 23-январда кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында 17-январда активисттер Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүүнү талап кылып митинг өткөрүшкөн. Ал күнү милиция 21 кишини кармап кетип, январда күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык 3000 сомдон айыппул салгандан кийин бошоткон. Айыпка жыгылгандардын бир тобу буга макул болбой сотко даттанган. (NT)

XS
SM
MD
LG