Шаршенбаев: Кыргызстан жемкорлукту жеңе элек
29-январда коррупциянын деңгээлин иликтеген "Трансперенси Интернешнл" уюмунун 2018-жыл боюнча баяндамасы жарык көрдү. Анда Кыргызстан былтыркыдан төрт тепкичке өйдө жылып 132-орунга көтөрүлгөн, бирок уюмдун өкүлдөрү Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли анча өзгөрбөгөнүн айтууда. «Transparency International Kyrgyzstan» борборунун өкүлү Адылбек Шаршенбаевдин маеги.